Биз менен байланышыңыз

Европа Польшанын көмүрдөн баш тартуусун талап кылууда

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Дек 2018 | 614 | 0

Европанын көмүр өндүрүү жана колдонуу боюнча биринчи сабында турган Польшаны Евробиримдик жылуулук стандарттарын сактабаганы үчүн күнөөлөп келет. Көмүрдүн көп өлчөмдө колдонуусу бир гана Польша эмес, коңшу мамлекеттердин абасын булгап, глобалдык жылуулуктун көтөрүлүшүнө салым кошконун айтып келишет.

Бир нече күн мурда БУУнун климат боюнча саммити Польшада өткөнү да бекеринен эмес. Алар Польшага коюлган көмүрдү колдонууну азайтуу тапшырмасын канчалык деңгээлде аткарып жатканын кароо максатында келишкен. Бирок оң натыйжаны ала алышкан жок. 2025-жылга чейин комүр колдонууну эң минималдык деңгээлге түшүрүү планы ишке ашары күмөн.

Польшанын 80%ын жылуулук менен камсыздаган ЖЭБдери көмүр менен иштейт. Эгер көмүрдөн баш тартып же азайтууга барса өлкөнүн көптөгөн тармактарын чоң тобокел күтүп турат. Бирок Варшава алгылыктуу кадамдарды жасары тууралуу чечимин билдире элек.

Эске салсак, Европанын эң кир шаарларынын тизмесинин дээрлик жарымын Польшанын шаарлары түзөт.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM