Биз менен байланышыңыз

Кузьмук: Украина Батыштын колдоосунан ажырады

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Дек 2018 | 546 | 0

Украина Европа менен Американын колдоосунан айрылып, чоң көйгөйдүн ичинде калды. Мындай пикирин өлкөнүн мурунку Коргоо министри Александр Кузьмук 112 телеканалына берген маегинде билдирди.

Ал: «Батыш Киевге «өз көйгөйүңөрдү өзүңөр чечкиле» дегени биздин улам алардын оозун карап, жардам сурай бергенибиз кыжырдантып жатканын билдирет. Бул «Жетишет, биз чарчадык, өз ишиңерди кылгыла» дегени. Эң жаманы-биз саясий колдоосу жок калдык»,-деп эскертти.

Ал эми украин бийлиги президент Петр Порошенконун көрсөтмөсү менен Европа бүлөөсүнүн мүчөсү болууга ыктаган саясий жолду тандады. Жогорку Рада өткөн айда өлкөнү Евробиримдик менен НАТОнун мүчөсү болууга ылайыктаган формага өткөрүүчү мыйзамдарды киргизизген  болчу.

Эске салсак, саясий серепчилер буга чейин  Керч көпүрөсү, Крымдын Орусияга өтүүсү жана Керч кысыгындагы кагылышуу сыяктуу Украинадагы кризистик абалды Батыш Орусияга каршы саясатынын куралы катары гана колдонуп жатканын кулак кагыш кылышкан болчу.

Copyright © 2017 Maral FM