Биз менен байланышыңыз

Догоев: Санариптик трансформация — өнүгүүнүн жаңы жол картасы

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Дек 2018 | 664 | 0

Санариптештирүүнүн негизги максаты жарандарга, бизнеске сапаттуу кызмат көрсөтүү жана башкаруу системасынын эффективдүүлүгүн жогорулатуу менен бирге процесстерди электрондук түргө өткөрүү болуп саналат. Бул тууралуу санариптик трансформациянын концепциясын ишке ашырууну камсыз кылуу үчүн жумушчу топтун жетекчисинин орун басары Дастан Догоев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, санариптик трансформация — өнүгүүнүн жаңы жол картасы болуп эсептелет.

Учурда өлкөдө ар кайсы тармактарда автоматташтыруу долбоорлору ишке ашырылууда. Бирок көгөйлүү маселелер көп. Биринчиден, өлкөдө санариптештирүү боюнча бирдиктүү стратегиялык документ жок. Экинчиден, тиешелүү айрым мамлекеттик органдардын, министрликтердин, мекемелердин электрондук форматка өтүү, кызматтардын сапатын жогорулатуу боюнча кызыкчылыгы төмөн.

«Муну менен бирге жеке тармак менен салыштырганда тиешелүү мамлекеттик кызматта иштеген адистердин шарттары, процесстерди комплекстүү түрдө координациялоо, бирдиктүү системаны түзүү боюнча иштин сапаты төмөн. Мындай көйгөлөрдү чечүү, коррупциялык тобокелчиликтерди жокко чыгаруу максатында атайын эксперттик топ түзүлдү. Анын курамына тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери, жарандык коомдун өкүлдөрү, бизнес тармагында иштеп келген улуттук жана эл аралык эксперттер кирген», — дейт Догоев.

Маалыматка ылайык, түзүлгөн эксперттик топ Коопсуздук Кеңешинин катчылыгынын алкагында иш алып барып, санариптик трансформациялоо концепциясын иштеп чыккан. Анда 3 негизги стратегиялык багыт каралган.

«Биринчиден, жарандардын санариптик көндүмдөрүн өнүктүрүү, бизнестин, мамлекеттик кызматкерлердин билимин жогорулатуу. Экинчиден, мамлекттик жана муниципиалдык кызматтарды сапаттуу жана ыкчам көрсөтүү. Үчүнчүдөн, санариптик технологиялардын негизинде тез арада экономикалык өсүшкө жетүү», — дейт Догоев.

Copyright © 2017 Maral FM