Биз менен байланышыңыз

«Санариптешүү экономикага жаңы жол ачат»

Күн чекит | 14 Дек 2018 | 1092 | 0

Бүгүн 14-декабрда президент Сооронбай Жээнбековдун жетекчилиги астында Коопсуздук кеңешинин жыйыны болуп өттү. Анда өлкөнү санариптик трансформациялоонун концепциясы кабыл алынды. Бул концепциянын негизги өзгөчөлүгү жана натыйжасы тууралуу санариптик трансформация боюнча президенттин кеңешчиси Дастан Догоев жана Кыргызстандын IT Ассоциациясынын төрагасы Азиз Абакиров менен «Күн чекит» программасында талкууладык.

Марал: Дастан Мырза бул концепция ишке ашса бизге эмне берет?

Догоев: Санариптик трансформациялоонун концепциясынын эң негизги максаты жарандарга жагымдуу шарт түзүп берүү болуп саналат. Бул жерде кандайдыр бир кызмат алуу, сатып алуу болсун баардык жакта камтылган. Ал үчүн ар бир аймакта сапаттуу интернет байланыш болуусу керек. Ошонун негизинде санариптик кызматтарда ишке киргизилет. Муну менен бирге жарандардын көндүмдөрүн өнүктүрүү. Билим берүү тармагын жакшыртуу жана да экономикага технологиянын негизинде секирик жасоо. Эң алдын атамекендик инновацияларды өнүктүрүү. Анан албетте эл аралык, аймактык технологиялык трансфер аянтын түзүү.   

Марал: Эми кандай түйшүктөр азаят?

Догоев: Премьер-министр айткандай, азыркы убакта 27 мамлекетик орган маалымкаттын 126 түрүн берип келет. Ошонун баары ушул концепцияны ишке ашыруу менен жокко чыгарылат.  Мамлекеттик органдар ортосундагы документ алмашуу процедуралары максималдуу түрдө токтойт. Натыйжада жарандар кызматты дароо пайдаланууга өтөт.

Марал: Азиз мырза адис катары кабыл алынган концепциянын келечегин кандай көрүп турасыз?

Абакиров: Санариптик трансформация боюнча концепциянын кабыл алынганы бизди абдан кубандырды. Эми келечекте маалыматтык технология жаатында чоң мүмкүнчүлүктү ачып берет деп ишенип турам. Эми аны идея боюнча калбай толук ишке ашса, Кыргызстан үчүн чыныгы утуш болот. Эң негизгиси экономикага жаңы жол ачып берет. Бир гана көйгөй аны ишке ашырууга бизде IT адистердин саны аз. Эгер бул жагына көңүл бурулса жатыйжа аябагандай чоң болот.

Марал: Сиздерге чоң рахмат!

Copyright © 2017 Maral FM