Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанды санариптик трансформациялоо концепциясы кабыл алынды

Кыска кабар | 14 Дек 2018 | 881 | 0

Бүгүн президент Сооронбай Жээнбековдун жетекчилигинде өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында өлкөнү санариптик трансформациялоонун концепциясы кабыл алынды.

Ага ылайык мамлекеттин бардык тармагын санариптик технология менен камсыз кылуу менен коррупциянын жолун бөгөө жана саясаттын ачык-айкындуулугун камсыз кылуу көздөлүүдө.

Өлкө башчы Жээнбеков белгилегендей, жаңы санариптик технологияны киргизүү биринчилерден болуп туризм, айыл чарбасы, банк сектору, жеңил өнөр жайы, курулуш секторлордон башталат. Бул тармактар Улуттук стратегияда артыкчылыктуу багыттар катары белгиленген. Ошону менен катар жаӊы технологияларды бардык тармактарда, бийликтин бардык бутактарында, өзгөчө укук коргоону ишке ашырууда, сот процессин жүргүзүүдө, саламаттык сактоодо, билим берүүдө, салык жана бажы төлөмдөрүн автоматташтырууда кеӊири колдонуу пландалууда.

«Жогоруда айткандарды жасасак, Кыргызстандын эл аралык финансы рынокторуна жетүүсү жакшырат. Бизге эл аралык технологиялык компаниялардын келүүсүнө жакшы шарт түзүлөт. Кыргызстанга түз инвестициялардын тартылышына жана өлкөбүздө жаңы технологиялардын пайда болушуна жардам берет»-деди президент.

Кошумчаласак, өнүккөн өлкөлөр санариптик ыкмага өтүү үчүн ондогон жылдарды өткөргөнүн эске салган Жээнбеков, Кыргызстан анча узак убакыт күтө албасын, кыска мөөнөттө муну ишке ашыруусу зарыл экенин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM