Биз менен байланышыңыз

Бекбосун Бөрүбашев: Конституциялык реформа башка реформаларга жолтоо болбойт

Күн чекит | 22 Дек 2018 | 877 | 0

Жогорку Кеңештин түзүлгөнүнүн 80 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференцияда сөз сүйлөгөн президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү айрым саясий күчтөрдүн жана жарандык коом өкүлдөрүнүн Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө кызыктар экенин, бирок бул узак мөөнөт аларын, учурда андан да актуалдуу маселелер бар экенин билдирди. Мындан улам Кыргызстанга конституциялык реформанын муктаждыгы канчалык жана ага карата президенттин позициясынын тегерегинде юридика илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашев менен «Күн чекит» программасынын алкагында маек курдук.

Марал: Мамлекет башчынын бул сөзү талкууланып жаткан маселеге чекит койгондой болду. Сиз кандай пикирдесиз?

Бекбосун Бөрүбашев: Бул — жеке президенттин ою. Бирок мен бул пикирге такыр кошулбайм. Себеби Конституция коомдун түзүлүшүн, экономикалык негизин жана саясий жана укуктук системаны уюштурган негизги документ болуп саналат. Байкасаңар, президент өзү кызматка келгенден бери жалаң гана көйгөйлөрдү айтып жатат. Экономикалык, социалдык маселелер менен бирге коррупция маселесин да айтып жатат. Ошондуктан, жогорудагы көйгөлөрдөн арылуу үчүн биринчи кезекте Баш мыйзамды кайра карап чыгуубуз керек.

Марал: Демек конституциялык реформага муктаждык күч турбайбы?

Бекбосун Борүбашев: Ооба, муктаждык өтө курч. Бизде реформа качан бийлик алмашканда гана ишке ашып, келген бийлик менен тегерегиндегилерге ылайыкташып өзгөрүп келет. Өлкө башчы өзү деле айтып жатпайбы, башкаруунун кайсы формасындабыз, белгисиз деп. Чынында эле, кандай башкаруу менен жашап жатканыбызды бир Кудай билбесе, эч кимибиз түшүнбөй, башыбыз айланып калды. Мындан сырткары, парламент эмнеге жакшы иштебейт? Анткени парламент боюнча Конституцияда чоң катачылыктар турат. Жергиликтүү бийлик эмнеге өз милдеттерин так аткарбайт? Анткени алардын жоопкерчилиги каралган эмес. Сураса ар бирин көрсөтүп далилдеп берем.

Марал: Президент айткандай конституциялык реформа башка реформаларга жолтоо болобу? 

Бекбосун Бөрүбашев: Жок. Коомду өнүктүрүү үчүн жүргүзүлгөн реформаларга конституциялык реформа тоскоол болбойт. Себеби бул дароо аткара коючу иш эмес, узак убакыт кетет. Анын үстүнөн иштей турган кызматчы топ түзүп койсо ал ишин уланта берет. 

Мен президенттин бул оюна такыр түшүнгөн жокмун. Же жоопкерчилик артпаган азыркыдай баш мыйзам ага жагып жатат го деген ойдомун. 

Марал: Сооронбай Жээнбеков өз позициясын «Кеп конституцияда эмес, аны бузган кишилерде» деген сөзү менен ачыктады. Эми бул баш мыйзамды өзгөртүүнү каалаган тараптар менен ортодогу келишпестикти күчөтүп салышы мүмкүнбү же кандайдыр бир ымалага келишеби?

Бекбосун Бөрүбашев: Президент бул маселени так кесе четке кага турган болсо ортодогу пикир келишпестик курчуп кетиши толук мүмкүн. Андан көрө кеңешме топ түзүп, кандай кылуу керектигин өз ишинин адистери менен сүйлөшүп чечсе туура болмок. Ошондо сөзү ынандыруучу, коочулуктун да санаасы тынч болмок. Буга чейин жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолукканда деле, өкмөт менен Жогорку Кеңештин мурунку жетекчилери менен жолукканда деле реформа маселеси айтылган болчу. Бирок өзү эле зарылчылык жок деп койгону нааразы пикирлерди көбөйтөрү бышык. 

Copyright © 2017 Maral FM