Биз менен байланышыңыз

«Алтынчы күнү кечинде» фильми көрсөтүлөт

Кыска кабар | 21 Дек 2018 | 745 | 0

Белгилүү режиссер, драматург Мар Байжиевдин «Алтынчы күнү кечинде» фильми 22-ноябрь күнү Бишкектеги «Ала Тоо» кинотеатрында саат 10:00дө көрсөтүлөт. Бул тууралуу ЖК мурунку депутаты Аида Салянова социалдык түйүндөгү баракчасынан билдирди.

«Алтынчы күнү кечинде» фильми учурда кыргыз коомундагы актуалдуу көйгөй болгон той ысырапчылыгын чагылдырат. Анда «Эл эмне дейт?» деген куру намыстан бир күндүк той үчүн бир үй-бүлөнүн урашы, талкаланган тагдырлар көрсөтүлөт.

Салянованын айтымында той үчүн кылынган ысырапкорчулук бүгункү күндүн талылуу маселеси. Бул экономикалык эле эмес, адеп-ахлактык көйгөй болгону үчүн да коркунучтуу.

Эске салсак, буга чейин жарандык коом өкүлдөрү тойлорго чектөө киргизүү демилгесин көтөрүп чыгышкан болчу.

Copyright © 2017 Maral FM