Биз менен байланышыңыз

КСДП: УКМК Исаков боюнча жалган айтууда

Кыска кабар | 21 Дек 2018 | 796 | 0

«Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) мурунку премьер-министр Сапар Исаковдун иши боюнча жалган айтууда, тергөө иштеринде анын күнөөсүн далилдеген бир да факты жок».

Мындай пикирин бүгүн Исаковдун партиялаштары билдиришти.

Анда УКМК элдин башын айлантып, Бишкек ЖЭБиндеги аварияга аны күнөөлүү көрсөтүүгө аракет кылганы саясий куугунтуктун белгиси экени айтылат. Анткени аталган ишти изилдеген атайын топтун корутундусунда Исаковдун эч кандай тиешеси жоктугу далилденген жана ал бул иш боюнча соттук ишке шектүү катары да, күбө катары да катышкан жок.

«УКМКнын акыркы билдирүүлөрү соттук процесске басым көрсөтүп жатканын айгинелейт. Исаков июнь айында убактылуу кармоочу жайга алынгандан бери аны менен бир да жолу тергөө-иликтөө ишинин жүрбөгөндүгү анын күнөөсү жок экенин көрсөтүп турат. Мунун бары саясий куугунтук»,-делет билдирүүдө.

Эске салсак, Бишкек шаардык соту Исаковдун камактагы мөөнөтүн 5-январга чейин узарткан. Ал Бишкек жылуулук электр борборун жаңылоого байланыштуу кылмыш ишинин алкагында айыпталууда.

Copyright © 2017 Maral FM