Бишкектеги Кытай Эл Республикасынын элчилигинин алдында тынчтык митинги болуп өттү. Аны уюштурган «Кырк чоро» коомдук бирикмеси Кытайдагы этникалык кыргыздардын абалынан кабардар кылуусун элчиликтен талап кылды.
«Биз кайрылуубузду элчиликтин өкүлүнө бердик. Кытай бийлигине андагы кайра тарбиялоо лагерлериндеги кыргыз боордошторубуздун ал-абалы тууралуу маалымат берүүлөрү үчүн он күн мөөнөт бердик».
«Кырк чорочулар» кыргыз бийлигине да чет элдик жарандардын ишмердигинин мыйзамдуулугун текшерүүнү талап кылган кайрылууларды берерин билдиришти.
«Бир айдан кийин биз өзүбүз чет элдик компаниялардын офистерин кыдырып, алардын кызматкерлеринин киришинин жана ишмердүүлүгүнүн мыйзамдуулугун тактайбыз. Мыйзамсыз жагдайлар ачыкталса биз өзүбүз мамлекеттик органдарга өткөрүп беребиз»,-дейт бирикменин өкүлү Замир Көчөрбаев.