Биз менен байланышыңыз

Иманалиев: Гамзатовдун кызы менен досмун

Кыска кабар , Пикирлер | 13 Ноя 2020 | 396 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты, саясатчы Каныбек Иманалиев «Маралга» берген маегинде интернетте улуу акын Расул Гамзатовдун кызы менен дос экенин жана баарлашып турарын айтты.

«Гамзатов кайтыш болгондо некролог жазып жибергем. Эң кызыгы, Гамзатов биздин айылга келген экен. Ал жайлоодо отуруп, тоолорду көрүп, кыргыздар канча жашаарын сурап: «Ушундай жерде да киши өлөбү?» — деген экен», — деди депутат.

Иманалиев бир нече тилдерге жарык көргөн «Кыргыздар» аттуу китебин Расул Гамзатовдун «Менин Дагестаным» чыгармасына окшотот.

«Гамзатовдун эмгеги нукура көркөм тилде жазылган. Ал эми мен бүгүнкү окурманга ылайыктап, публицистикалык стилге салганга аракет кылдым. Чыгарманы кыргыздын сүрөт көргөзмөсүнүн китеби десем да болот. Бул китептин автору жалгыз мен эмесмин», — дейт Иманалиев.

Эл өкүлүнүн айтымында, «Кыргыздар» китеби 6 тилде жарык көрдү. Учурда француз, япон, иран тилдерине которулуп жатат. Чыгармада кыргыз элинин баалуулуктары даңазаланат. Китеп тарыхый сүрөттөр менен шөкөттөлгөн.

«Чыгармада кыргыз элинин байыркы салттары, үрп-адаттары, тарыхы, улуу адамдар… деги эле кыргызды кыргыз кылып тургандын баары бар. Ал бөлөк элге укмуш угулат экен. Биздин ата-бабалар маданий цивилизацияга илгери эле жетишкен», — дейт депутат.

Copyright © 2017 Maral FM