Биз менен байланышыңыз

Мигранттардын шарттары жакшырат

Кыска кабар | 19 Дек 2018 | 677 | 0

Орусиядагы кыргыз элчилигинин ишмердигинин чабалдыгын жана миргранттардын көйгөйлөрүн козгогон суроого жооп берип жатып президент Сооронбай Жээнбеков бул маселе абдан олуттуу экенин билдирди.  Орусиядагы элчи болушунча аракет кылганын жана азыр ал жакка тажрыйбалуу элчи бара турганын да кошумчалады.

Ошондой эле Орусиядагы Кыргызстандын элчилигине ал жактагы миграция комитети менен ИИМдин бөлүмүн бириктирүү каралып жатканын айтты.

Орусиядагы кыргыз мигранттарына жакшы шарттарды түзүү жолго коюлганын эскерткен Жээнбеков: «Биздин максатыбыз мигранттар жургөн жерлеринде жакшы шартта иштөөсүн камсыз кылуу. Жакында Орусия көптөгөн кыргызстандык мигранттарды кара тизмеден чыгарды. Бул бир гана Кыргызстан үчүн жасалды. Бул аракет дагы уланат»,-деди.

Эске салсак, чет элде жургөн кыргыз мигранттарынын жалпы саны 800 миңди ашат. Алардын 600 миңдейи Орусияда иштешет.

 

Copyright © 2017 Maral FM