Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-өзбек: Биргелешкен үч ишкана ачылат

Экономика | 19 Дек 2018 | 870 | 0

Кыргызстандын өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев Ош шаарында Өзбекстандын  премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө эки жактуу кызматташуулардын учурдагы абалы жана актуалдуу темалар, ошондой эле чек аралык кызматташтыкты мындан аркы өнүктүрүү келечектери талкууланды.

18-декабрда Ош шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын чектеш облус жетекчилеринин кеңешинин экинчи жыйыны болду. Анын алкагында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өзбекстан өкмөт башчысы Абдулла Арипов менен жолугушту.

Анда эки жактуу кызматташтыктын азыркы абалы жана башка актуалдуу темалар кеп болду. Премьер-министрлер ошондой эле чек арадагы кызматташтыкты мындан аркы өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Жыйынтыгында протоколго жана соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуу боюнча жол картасына кол коюлду. Жол картасына соода, өнөр жайда биргелешкен кооперация, каратин жана ветеринария тармагында кызматташуу, бажы процедураларын жөнөкөйлөштүрүү, эл аралык кызматташуу жана башка маселелер кирген конкреттүү кадамдар жана мөөнөттөр камтылган.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, эки мамлекет башчыларынын бекем саясий эркине жараша акыркы жылдары кыргыз-өзбек мамилелери сапаттык жаңы деңгээлге чыкты. Облус жана райондордун жетекчилери ортосундагы активдүү аракеттешүүгө жараша чарбалык мүнөздөгү көптөгөн маселелер жергиликтүү деңгээлде ыкчам чечилип жатат.

Буга катар ал өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүүдөгү оңдуу динамикага токтолду, мында чектеш облустар өзгөчө маанилүү ролду ойнойт.

-Үстүбүздөгү жылдын 9 айында өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүү 250 миллион доллардан ашуун суумманы түздү. Бул 2017-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 11%га жогору болуп саналат. Бирок биздин мамлекет башчылар тарабынан соода жүгүртүүнү 500 миллион АКШ долларына дейре жеткирүү милдети коюлган. Буга байланыштуу аталган ишти активдештирүү абдан маанилүү деп эсептейм. Автомобиль жана темир жол транспорт тармагы кыргыз-өзбек байланыштарынын тутумунда маанилүү болуп саналат. Бул биздин өлкөлөрдү гана эмес, бүтүндөй аймакты бириктире алат. Бул өңүттөн алганда ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында биз  өзбек кесиптештерибизге жүк ташуучулар үчүн төлөмдү алып таштоону сунуштайбыз. Мындай аракет өз ара жүк ташуулардын санын көбөйтүүнү жана биздин өлкөлөрдүн ортосунда товар жүгүртүүнү өстүрүүнү шарттайт.

Ал эми Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповдун айтымында, акыркы мезгилде туруктуу негиздеги жогору деңгээлдеги иш-чаралар эки өлкө үчүн тарыхый маанилүү жыйынтыктарга жана келишимдерге жетишүүгө шарт түздү.

Өзбекстан Кыргызстан менен өз ара алакаларды жана эки тараптуу пайдалуу өнөктөштүктү болушунча өнүктүрүүнү колдойт. Тар чөйрөдөгү сүйлөшүүлөрдүн натыйжалары көрсөткөндөй, эки жактуу каалоо болсо, ар дайым өз ара алгылыктуу чечимдерди табуу мүмкүн.

Жыйындын жүрүшүндө өкмөттүн Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, экономика министри Олег Панкратов сөз сүйлөшүп, ар бир облустун инвестициялык мүмкүндүктөрү тууралуу маалыматтарды сунушташты. Ошону менен бирге соода-экономикалык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып беришти.

Кеңеш өткөн жылдын сентябрь айында эки өлкөнүн президенттеринин жолугушуунда түзүлгөн.  Ал аймактар аралык деңгээлде байланыштарды өнүктүрүү жана эки өлкөнүн чектеш облустарынын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү максатында түзүлгөн.

Экономика министри Олег Панкратовдун маалыматында, кеңеште эки өлкө ортосунда үч ишкананы ачуу маселеси көтөрүлдү. Жеңил өнөр жай тармагында дагы биргеликте долбоорлорду ишке ашырып, өндүрүлгөн товар Европа биримдигине экспортолот.

-Жеңил автоунаа, айыл чарба техникаларын жана газ менен жүрүүчү автобустарды чыгаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. Буга чейин кир жуучу машинаны өндүрүп чыгарган ишкананы ачканбыз. Эми анын ишмердүлүүгүн жогорулатуу пландаштырылууда. Биз тараптан өзбек кесиптештерибизге салык, бажы боюнча жардамдар көрсөтүлөт. Алар өздөрү техникаларды алып келишет. Мындай келишимдерден эки тарап тең өз пайдаларын көрөт. Кыргызстан товарларын Европа Биримдигине экспортоого чоң мүмкүнчүлүгү бар. Мындай жагымдуу шарт Өзбекстанда жок. Ошондуктан биз менен биргеликте текстиль өндүрүшүн колго алып, товарларды экспорттоону көздөөдө.

Өзбек тараптан Фергана, Анжиян жана Наманган облустарынын хокимдери, тышкы соода министри облустардын жетишкендиктери жана соода-экономикалык мүмкүндүктөрү тууралуу маалымат беришти.

Кыргызстандын Өнөр жай комитетинин төрагасынын орун басары Жыргалбек Сагынбаев кыргыз-өзбек биргелешкен ишканаларды түзүү максатында коюлган тапшырмалардын негизнде жумушчу топ коңшу мамлекетке жакынкы күндөрү барарын айтты.

-Курулуш материалдар, жеңил өнөр жай тармагы жана химиялык өндүрүштөр тууралуу кеп кылышты. Эки өкмөт башчы бизге жакшы тапшырмаларды берди. Анын негизинде жакын аралыкта комитеттин делегациясы Өзбекстанга учканы жатат. Ал жакта толук кандуу 2019-жылга фундамент түзөбүз. Кандай ишкана, заводду Кыргызстанга алып келип, бизден ал жака алып барып иштетүү керектигин талкуулайбыз. Биргелешкен ишканаларды түзүп баштасак эки жактуу жумушчу орундары түзүлөт. Бул боюнча жумушчу топ түзүлүп, чек аралар ачылса, көп иштер жасалат.

Кошумчалай кетсек, коңшу өлкөдөн келген делегация иш сапардын алкагында Ош шаарындагы А.Навои атындагы орто мектепке барып, окуу корпустарын, ашкананы, жыйындар залын жана спорт аянтчасын көрүп чыгышты.

Андан соң Премьер-министрлер «Сулайман-Тоо» тарыхый-археологиялык комплексине барышты.

Copyright © 2017 Maral FM