Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Оштон Анжиянга кичи автобус унаасынын алгачкы каттамы жол тартат

Кыска кабар | 25 Сен 2019 | 634 | 0

Бүгүн, 25-сентябрда Ош шаарынан Өзбекстандын Анжиян шаарына унаа каттамы ачылат. Бул тууралуу «Транс-Ордо» ишканасынын жетекчиси Мырзамат Чыңгараев «Маралга» билдирди.

Анын айтымында, бул аракет эки өлкө башчыларынын өткөн жылдагы сүйлөшүүлөрүндө айтылган макулдашууларга ылайык ишке ашууда. Эки тараптын тийиштүү органдары каттамдын убактысын, баасы тактап, иштеп чыгышкан.

«Бүгүн алгачкы каттам саат 11:30 да автобекеттен жолго чыгат. Жол кире 100 сомду түзөт. Ош шаарындагы автобекеттиен күнүнө ар бир жыйырма мүнөттө акыркы үлгүдөгү кичи автобус каттап баштайт. Күнүнө 18 каттам жүргүзүлөт. Ушундай эле каттам Анжияндан Ош шаарына да ачылат», — дейт Мырзамат Чыңгараев.

Ал ошондой эле эки өлкө бийлиги чек арадан тоскоолдуксуз өтүү маселесин жеңилдетип берсе деген ниетин кошумчалайт.

Copyright © 2017 Maral FM