Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан менен Өзбекстандын товар алмашуусу 2 эсеге өстү

Кыска кабар | 29 Янв 2019 | 667 | 0

2018-жылы Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы товар алмашуу 89,6 пайызга өстү. Бул тууралуу бүгүнкү Бишкекте өткөн  брифинг учурунда Өзбекстандын Кыргызстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Камил Рашидов маалымдады.

Анын айтымында, өткөн жылы эки өлкө ортосунда 481 миллион доллардык алып-сатуу болгон. Бир жыл ичинде 348,2 миллион доллардык Өзбекстанда өндүрүлгөн товарлар Кыргызстанга экспорттолгон болсо, 132,8 миллион долларга импорттолгон. Кыргызстан Өзбекстандын тышкы соодасынын 1,4 пайызын түзгөн.

Жакынкы убакта эки өлкөнүн ортосундагы соода сатыкты 500 миллион долларга жеткирүүгө чоң мүмкүнчүлүктөр бар экендигине Рашидов токтолду.

Ошондой эле курулуш материалдарды, жеңил- өнөр жай өндүрүмдөрүн, транспорт жана айыл-чарба техникаларын өндүрүү үчүн биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу керек экендигин кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM