Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан менен Өзбекстандын чектеш райондорунун жаштар форуму башталды

Кыска кабар | 11 Мар 2019 | 676 | 0

Бүгүн, 11-мартта, Ош шаарында «Кыргызстандын жана Өзбекстандын жаштары – коншулаштык салттын улантуучулары» аталышында чек аралаш райондордун жаштар форумун расмий ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Форумдун ачылышына Өкмөткө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Аманкулов, Өзбекстандын Андижан жаштар борборунун директору Шохрухмирзо Султонов, БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Озонниа Ожиело, Кыргызстандагы БУУнун Балдар фонду уюмунун өкүлчүлүгүнүн башчысы Юкиэ Мокуо, Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров жана эки өлкөнүн активдүү жаштарынын өкүлдөрү катышты.

Форумдун экинчи бөлүгүндө Өзбекстандан келген жана Кыргызстандын жаш катышуучулары «2019-2020-жылдарга карата эки тараптык кызматташтыкты ишке ашыруу боюнча милдеттерди талкуулоо» кичи группаларында ишин башташты.

Белгилей кетсек, эртең, 12-мартта, форумдун катышуучулары А. Момунов атындагы футбол академиясына жана Ош шаарынын башка жерлерине барышат.

Форум Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташуусун ишке ашыруу боюнча 2018-2019-жылдарга карата иш-чара планынын алкагында БУУнун көмөгү менен Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан өткөрүлүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM