Биз менен байланышыңыз

Ибраев: Аба ырайы гана таасир бербесе кыштан жакшы чыгабыз

Кыска кабар , Пикирлер | 19 Дек 2018 | 1940 | 0

Чүй облустук жогорку чыңалуудагы электр тармактар ишканасынын жетекчиси Таалайбек Ибраев “Марал” радиосуна берген маегинде быйыл бир топ көмөкчордондор оңдолгонун билдирди.

Анын айтымында, эки көмөкчордон Ислам өнүктүрүү банкынын колдоосу менен жаңыланган. Ишкананын бардык жабдыктары толугу менен алмаштырылган.

«Оңдоп-түзөөнүн арты менен ар бир көмөкчордондо 7 тоннадан май үнөмдөлүп жатат. Ошондой эле техникалык жоготуу 0.69 пайызга азайды. Мындан улам 10 млн сом үнөмдөлдү. Эми «Ивановка» көмөкчордону кийинки жылы реконструкцияланат. Аба ырайы гана таасир бербесе кыштан жакшы чыгабыз. Эгер бир көмөкчордондор аварияга дуушар болсо, башкасы менен ишти үзгүлтүккө учуратпай улантып кетүүгө мүмкүнчүлүк бар», — дейт Ибраев.

Анын билдиришинче, Чүй облустук жогорку чыңалуудагы электр тармактар ишканасында 700гө жакын адам иштейт. Алсак, Чүй боюнча 14 бридага 53 көмөкчордон бөлүнүп берилген. Көмөкчордондор 24 саат бою көзөмөлдө болот.

Ибраев кошумчалагандай, «Датка» жана «Кемин» көмөкчордондору эл үчүн чоң жардам болгон. Анткени алар курулганга чейин Кыргызстан коңшу мамлекеттерге электр энергияны өткөрүп бергени үчүн 8 млн долларга жакын каражат төлөп келген.

Маалыматка ылайык, Чүй облустук жогорку чыңалуудагы электр тармактар ишканасы бөлүштүрүүчү компанияларга электр энергиясын 19 тыйындан жеткирет. Ал эми элди электр жарыгы менен камсыз кылуу милдети аталган компанияларга жүктөлгөн.

Белгилей кетсек, ушул тапта калк электр энергиясы үчүн саатына 700 кВтка чейин 77 тыйындан, андан ашса 2 сом 16 тыйындан төлөйт. Ал эми тоолуу аймактын тургундары саатына 1000 кВтка чейин колдонсо, 77 тыйындан, андан ашса 2 сом 16 тыйындан беришет. Жылуулук үчүн бир гигакалорийге 1134 сом 76 тыйындан төлөнөт.

Copyright © 2017 Maral FM