Биз менен байланышыңыз

Бишкекте үчүнчү электр станциясы ишке берилди

Коом | 19 Апр 2019 | 639 | 0

1971-жылдан бери оңдоло элек эски электр станцияларды мамлекет 2017- жылдын апрель айында реконструкциялоо боюнча чечим чыгарган. Бир жылдан кийин аталган станция оңдолуп бүтүп, Бишкектин чыгыш тарабын электр энергиясы менен камсыздай баштайт. Аны оңдоого канча каражат сарпталды?

«Өндүрүштүк» көмөкчордону Бишкек шаарынын чыгыш тарабында жайгашкан. Бул жерде бардыгы жаңыланып, заманбап жабдыктар колдонулган. Адистер билдиргендей, бир көмөкчордон 25 жыл гана кызмат кыла алат. Бирок союз учурунда курулган электр станциялар бир да жолу капиталдык оңдоодон өткөн эмес. Чүй облустук жогорку чыңалуудагы электр тармактар ишканасынын жетекчиси Таалайбек Ибраевдин айтуусунда, 2017-жылы борбордун чыгыш тарабында 42 кырсык катталса, жаңыдан ишке кирген көмөкчордондун жардамы менен кийинки жылы мурункуга салыштырмалуу эки эсеге кыскарган.

— Бул жабдык көмөкчордондун жүрөгү деп аталат. Ар кандай кырдаалда автоматтык түрдө өчүп калат. Маселен, катуу шамалда, же бак кулап электр энергиясына терс таасирин тийгизгенде, бул каражатыбызга сигнал келгенин күзөтчүлөрүбүз көрүп турат. Электриктер үчүн көмөкчордондордун өчүп калганы анчейин деле көйгөй жаратпайт. Тескерисинче, өчүп калганы жакшы. Неге дегенде көп нерсенин алдын алышат. Кокус, кырсык болгон кырдаалда автоматтык түрдө өзү өчпөсө, чыгымга учурап калабыз.

Чүй облустук жогорку чыңалуудагы көмөк чордон кызматынын башчысы Жолдошбек Догдурбай уулунун айтымында, эски электр станциялар май менен иштеп, бир топ кыйынчылык жаратып келген. Ал эми жаңы коюлган көмөкчордондор автоматтык система менен иштейт. Коопсуздугу да каралган.

— Жаңы коюлган көмөкчордондун коопсуздугу катуу каралган. Мурунку союз учурундагы жабдыктардын кубаттуулугу аз болуп, бир топ чыгаша алып келчү. Аталган «Өндүрүштүк» үчүнчү көмөкчордонду өзүбүздүн дасыккан инженерлер жасады. Бул да болсо, өлкөбүз үчүн сыймык. Башка жактан каражат коротуп, атайын адистер келген жок.

Он эки жылдан бери аталган ишканада күзөтчү болуп эмгектенген Гүлмира Кубаева эски көмөкчордон менен иштөө бир топ кыйынчылык жаратканын айтат. Анын пикиринде, мурун ар кандай кырдаалда өчүп калган жерлерге электр жарыгын жиберүү көп убакытты талап кылса, учурда заманбап жабдыктардын жардамы менен бат эле көйгөй чечилет.

— Көп жылдан бери ушул жакта кызмат кылганыма байланыштуу көп эле кырсыктуу жагдайлар болот. Бирок жаңы коюлган көмөкчордон менен иштеген чынында оңой экен. Эски көмөкчордондо бардыгын өзүбүз кылганга туура келчү. Ал эми жаңы коюлган жабдыктар заманбап, автоматтык түрдө иш алып барат.

«Өндүрүштүк» көмөкчордону Бишкектин Тунгуч, Учкун кичи райондорун, Көк-Жар, Кара-Жыгач айылдарын, Кара-Жыгач конушун жана Чүй облусунун Аламүдүн районунун бир бөлүгүн электр энергиясы менен камсыздайт. Аталган көмөк чордонду оңдоп-түзөө үчүн өкмөттөн 81 млн. сом бөлүнүп берилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM