Биз менен байланышыңыз

Айдарбеков Эмираттардын Тышкы иштер министри менен жолукту

Кыска кабар | 19 Дек 2018 | 645 | 0

Тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков БАЭнин башкы дипломаты Абдалла бин Зияд менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Бириккен Араб Эмираттарына болгон жумушчу сапарынын алкагында жолуккан министрлер учурдагы жана келечектеги эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөнүн жолдорун талкуулашты.

Анда Кыргызстандын 2020-жылы БАЭда өтө турган «ЭКСПО-2020″га катышуусу жана борбору Абу-Дабиде болгон «Адал аккредациянын» мүчөсү болуу артыкчылыктары каралды.

Министр Айдарбеков кесиптешин Кыргызстанга расмий сапар менен күүгө чакырды.

Copyright © 2017 Maral FM