Биз менен байланышыңыз

Мигранттар көйгөйүн чече турган документ кабыл алынды

Коом | 18 Дек 2018 | 560 | 0

Бүгүн, 18-декабрь — мигранттардын эл аралык күнү. 1990-жылы БУУнун башкы ассамблеясы эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укугун коргоо боюнча эл аралык конвенцияны кабыл алган. Ал эми 2000-жылы эл аралык мигранттын майрамы негизделип, жыл сайын 18-декабрда белгилөө жөнүндө токтомго кол коюлган.

Бүгүнкү күндө Мамлекеттик миграция кызматынын расмий маалыматы боюнча чет өлкөлөрдө 700 миңден ашык кыргызстандык бар.

Мигранттардын эл аралык күнүнө карата Бишкек шаарында Эл аралык уюмдар менен биргеликте жыйын өттү. Анда миграцияда жүргөн мекендештердин абалы жана алардын укуктарын коргоо боюнча сунуш пикирлер берилди. Эң маанилүүсү Кыргызстандын  ички миграциясына жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынттыктары жарыяланды. Анда ички миграцияда жүргөндөрдүн 56,3 пайызын эркектер түзсө, ал эми ар бир үчүнчү аял акча табуу үчүн жашаган жерин которгон.

Алардын дээрлик баардыгы борбордо түзүлгөн шарттар тартып келет. Буга чейин каражат таап кайра айыл кыштактарга кеткендер көп болсо, 2016-жылдан бери борбордук шаарларда жашап калууну каалагандардын саны өскөн. Бирок башка өлкөлөргө салыштырмалуу ички миграцияда абал өтө оор эмес деген жыйынттык чыккан.

Анткен менен тышкы миграцияда кырдаал оор. Орусиянын бир катар шаарларында  болуп келген парламент депутаты Сагындык Келдибаев буларга токтолду.

Биз жакында эле Новосибирск,Екатеринбург шаарларын депутаттык комиссия кыдырып мигранттардын көйгөйүн көрүп келдик. Мындан он жыл мурун башка мигранттар эле, азыр башка Кыргызстандыктар башка көйгөйлөрү менен. Ал көйгөйлөрдү  диаспоралар менен чечишибиз зарыл. Алар менен жакындан жумуш алып барышыбыз керек.   

Натыйжасында сыртта жүргөн жарандар эмгек кулчулугунун курмандыгы болуп жатканын Эл аралык Эмгек уюму эскертип коңгуроо кагууда. Уюмдун Кыргызстан боюнча улуттук координатору Болотбек Ороков буларды белгиледи.

-Эмгек мигранттары жөнүндө сөз кылсак…. Бул процесс жүз жыл мурун кандай болсо,азыр дагы уланып келе жатат. Бирок голобалдык рынок анын ичинде Кыргызстандын эмгек рыногунда кырдаал алмашты. Анткен менен коопту учурдар дагы деле калып жатат. Тилекке каршы бүгүн дагы көпчүлүк мигранттар адам сатуунун курмандыгы болууда. Экинчи жагынан эмгекке мажбурлоо жолу аркылуу салынууда. Булардын арасында сексуалдык кулчулук дагы бар.  

Мигрантар арасында  кулчулукка сатылып кеткен фактыларды азайтуу үчүн түшүндүрүү иштери арбын жүрүп жатканын Миграция кызматы белгилет. Бирок коопсуздук үчүн жарандарды өздөрү дагы сак болууга чакырып жатат.Кызматтын төрага орун басары Самат Токтоболотов бүгүнкү күнү мыйзамдуу кетүүгө баардык шарттар бар деди, ал.

Ошол жерге барып мыйзамдуу иштегенге баардык шарттар бар. Ал үчүн биз тараптан жетиштүү деңгээлде жумуш жүрүп жатат. Бирок кетип жаткан жарандардан биз дагы суранып жатабыз. Бизге кайрылгыла баардык телефондор бар. Адам дагы мыйзам бузбаганга аракет кылышы керек.  

Анткен менен мындай көйгөйлөрдү чечүү үчүн быйылкы жылы дүйнөлүк масштапта негизги келишимге кол коюлганын Бириккен Улуттар уюмунун миграция боюнча Кыргызстандагы агенттигинин жетекчиси Бермет Молдобаева белгилейт. Бул миграцияданы маселени чечүүдөгү негизги документ деди.

Биринчи жолу миграция боюнча глобалдык деңгээлдеги келишим түзүлдү. Бул өтө маанилүү кадам десек болот. Бул иш Бириккен улуттар уюмуна мүчө  мамлекеттердин колдоосу менен ишке ашты. Тагыраагы 164 мамлекет анын ичинде Кыргызстан дагы бул документти колдоду. Анда биринчи эле мигранттын беделин көтөрүү жана мигранттын тандоосун сыйлоо каралган. Анткени алар дагы өзүнүн жана жакындарынын татыктуу жашоосу үчүн өз алдынча маселени чечүү үчүн кетүүдө.  

Расмий маалыматка таянсак чет өлкөдө 700 миңден ашык Кыргызстандык бар. Ал эми расмий эмес алардын саны бир миллиондон ашат.

Copyright © 2017 Maral FM