Биз менен байланышыңыз

Сулайманов: Сариев менин декларациямды премьер кезинде текшериши керек эле

Кыска кабар , Пикирлер | 17 Дек 2018 | 733 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов “Марал” радиосуна берген маегинде Темир Сариев айтып чыккан  кыймылсыз мүлктөр өзунө тийешелүү эмес экенин билдирди.

«Темир Сариев ал маалыматтарды каяктан алды билбейм. Сариев кыйын болсо, премьер-министр болуп турганда декларациямды текшертпейт беле. Түрк университетинде жана башка жерлерде менин эч кандай үйлөрүм жок. Ал эми Ала-Тоо мейманканысы боюнча, ал жерде курулушу компаниясында менин тиешем бар. Юридикалык тиешем жок, бирок убагында жардам бергенмин. Андан танганым туура эмес болуп калат», — дейт Сулайманов.

Буга чейин мурунку өкмөт башчы Темир Сариев Сулаймановдун байлыктары тууралуу айтып чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM