Биз менен байланышыңыз

Сулайманов: Бабанов Кыргызстандан кетпеши керек эле

Кыска кабар , Пикирлер | 17 Дек 2018 | 871 | 0

Шайлоодо чыгым болот. Ансыз жеңишке жетүү кыйын. Бирок кеткен чыгымдар толук көрсөтүлбөйт. Бул тууралуу Жогорку Кенештин депутаты Алтынбек Сулайманов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, эгер мыйзам иштебесе анда шайлоо фондуна коюлган чектөөнү алып салуу зарыл.

Сулайманов мындан сырткары саясий куугунтук менен камалгандардын иши иликтенип, кайра каралышы керектигин белгиледи.

«Өмүрбек Текебаевдин иши дагы сөзсүз каралышы керек. Бирок тилекке каршы биринин дагы иши алдыга жылды дегенди байкаган жокмун. Ал эми Өмүрбек Бабанов Кыргызстандан кетпеши керек эле. Анын кетип калып эми азыр «келе албай жатам» дегени туура эмес. Бабановдун үстүнөн козголгон иштер башкаларга салыштырмалуу жеңил болчу. Ал өлкөдөн чыгып кеткен соң күчөп кетти», — дейт Сулайманов.

Эске салсак, экс-президент Алмазбек Атамбаев жакында телеканалдардын бирине берген маегинде Өмүрбек Бабановко козголгон кылмыш иши саясий куугунтук экенин, аны жаап салуу керектигин билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM