Биз менен байланышыңыз

Келдибеков: Атамбаевди мен сактап калгам

Кыска кабар | 14 Дек 2018 | 849 | 0

Жогорку Кеңештин мурунку спикери Акматбек Келдибеков жергиликтүү телеканалдардын бирине берген маегинде экс-президент Алмазбек Атамбаевдин саясаты тууралуу кээ бир  жайгдайларга токтолду. Анда ал Атамбаевдин билдирүүсүн сынга алып, дагы деле өз катасын түшүнбөй саясатка аралашып жатканын айтты.

Келдибековдун пикиринде Атамбаев өз каталарын сезип, кечирим суроонун ордуна ар кимге сын айтып олтурганы туура эмес. Себеби кезегинде ал алты жыл бою элди алдап, жеке өзүнүн бийлигин орнотуу үчүн Кыргызстандын кызыкчылыгын сатканын, Садыр Жапаров, Өмүрбек Текебаев сыяктуу саясатта ага атаандаш боло алчу фигураларды четинен соттотуп, саясаттан сүрүп келген.

Ошондой эле чет элден келген гранттарды өзүнүн кызыкчылыгына колдонуп, маанилүү стратегиялык долбоорлорду бүлдүрүп, коррупциянын гүлдөшүнө шарт түзүп бергенин белгиледи. Бишкек ЖЭБтеги, «Датка Кеминдеги» абалдар буга мисал экенин да айтып өттү.

Мындан сырткары ЖК спикери болуп турган чакта Келдибековду чакырып, анын саясатына тоскоол болуп жатканын айтып, төрагалыктан кетүүсүн, каалаган элчиликке дайындарын сунуштаганын кошумчалаган Келдибеков Атамбаевди премьерликте сактап калганын айтты.

Эске салсак, Акматбек Келдибеков 2011-2012-жылдары Жогорку Кеңештин V чакырылышынын спикери болуп иштеген. 2013-жылы коррупция жана Москвадагы ЖКтин өкүлчүлүгүн ачууда мыйзам бузууларга жол бергени үчүн соттолуп, айыппул менен акталган.

 

Copyright © 2017 Maral FM