Биз менен байланышыңыз

Кызга жардам көрсөтпөгөн инспекторлор жазаланды

Кыска кабар | 14 Дек 2018 | 667 | 0

Буга чейин “ТВ Кайгуул” программасында унаанын ичинде жардам сурап кыйкырган кызга жардам көрсөтпөгөн инспекторлор тууралуу көрсөтүү чыккан. Бул факты боюнча Бишкек шаардык жол коопсуздугун камсыздоо кызматы башкармалыгы (ЖКККБ) иликтөө иштерин жүргүзүп, анын жыйынтыгы менен 9 инспектор өз жазаларын алышты.

Бул тууралуу бүгүн, 14-декабрда ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кызматерлер кесиптик этикасын, милдеттерин так сактабагыны, кылык-жоругу үчүн кызматтарынын бошотулуп, калгандарына сөгүш жарыяланды.

Үч кызматкер Бишкек ШИИББси боюнча ЖКККБнын кенже тескөөчүсү, милициянын прапорщиги А. Б. менен милициянын сержанты И. Б., Бишкек ШИИББси боюнча ЖКККБнын батальонунун командири, милициянын майору Р. К. жазган рапорту боюнча ээлеген кызматынан бошотулду. Калган инспекторлорго сөгүш жарыяланды.

Copyright © 2017 Maral FM