Биз менен байланышыңыз

Венесуэлага барган орус аскердик учактары кайра кайтышат

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Дек 2018 | 576 | 0

Орус аба күчтөрүнүн учкучтары апта башында Венесуэлага түз учуп барган Ту-160 аскердик бомбардировщик учактарын кайра кайтууга даярдап жатышат. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Атлантика океаны жана Кариб деңизи аркылуу токтоосуз учуп өтүп, Венесуэлага жеткен ракета аткычтар кайра Орусияга келишет. Венесуэланын  Коргоо министрлигинин билдиришинче учактар аскердик даярдык жана кызматташтыкты бекемдөө максатында атайын чакыруу менен келишкен.  Ошондой эле ар түрдүү агрессиялык тараптарга каршы аскердик ыкчам даярдыкты жандантып турушарын жана бул сыяктуу өнөктөш өлкөлөрдөн аскердик учактар дагы да келерин билдиришти.

Бирок бул иш чара БУУ жана АКШнын каршылыгына дуушар болуп, Американын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Мадуронун дарегине терс пикирин билдирүүгө жетишкен.

Ту-160 1987-жылдан бери Орусиянын аба күчтөрүнүн эсебинде турган негизги ракета аткыч куралы болуп саналат. Ал өз тармагында «Ак куу» деп аталат.

Copyright © 2017 Maral FM