Биз менен байланышыңыз

Түркия Кыргызстанга аскердик жардам берет деген маалымат калп

Кыска кабар | 1 мая 2021 | 971 | 0

Бүгүн, 1-майда айрым орусиялык сайттарда Түркия Кыргызстанга аскердик жактан (Байрактар ​​TB2 пилотсуз учактары жана MLRS) жардам көрсөтүүгө даяр деген маалыматтар жарыяланган.

Аталган маалыматты жарыялаган сайттардын баары «Аvia pro» порталына маалымат булак катары шилтеме беришкен. Бирок бул сайттагы жарыяланган жаңылыктардын негизин так эмес «фейк» маалыматтар түзөт.

Аvia pro сайты түркиялык жалпыга маалымдоо каражаттарына шилтеме берген. Бирок Түркиянын эң ири сайттары бул маалыматты жарыялаган эмес.

Учурда бул маалымат ким тарабынан жана эмне үчүн жарыялангандыгы белгисиз.

Copyright © 2017 Maral FM