Биз менен байланышыңыз

Европарламент Орусиянын мунай долбооруна каршы чыкты

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Дек 2018 | 737 | 0

Франциянын Страсбург шаарында өткөн Европарламенттин жыйынында Орусиянын «Түндүк агым-2» долбоорун токтотууну талап кылган резолюция кабыл алынды. Бул тууралуу эл аралык басылмалар жазышты.

Резолюцияда аталган долбоор Орусиянын саясий куралы болуп, Чыгыш Европага басым көрсөтүү үчүн колдонорун айтышууда.

«Түндүк агым-2» Орусиянын мунайын Балтика деңизи аркылуу Германияга өткөрүп, андан ары Батыш Европага сатууну көздөөдө. Бул ири долбоорго эң башта Украина каршы болууда. Анткени бул долбоор ишке кирсе орус мунайын Украина аркылуу өткөрүү токтоп, Киев ири көлөмдогү салыктан куру калат. Ал эми дагы бир катуу каршылык көрсөтүп жаткандардын бирөөсү АКШ Европага өз мунайын сата албай калуу коркунучу пайда болгон үчүн каршы чыгып жатышканын серепчилер айтууда.

Мындан сырткары Польша, Латвия жана Литва бул долбоор саясий кызыкчылыкта курулуп жатканын айтып, каршылык билдиришүүдө.

Орусия тарап болсо аталган резолюцияны акылга сыйгыс деп баалап, муну менен эч кандай саясат жасабасын, экономикалык гана долбоор экенине ишендирүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM