Биз менен байланышыңыз

Унааларды каттоо департаментинин директору кызматтан алынды

Кыска кабар | 13 Дек 2018 | 817 | 0

Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Транспорт каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин директору Жоошбек Коёналиев кызматтан алынды. Мындай маалыматты Өкмөттөн маалымдашты.

Ага ылайык, тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Эскерте кетсек, Мамкаттоонун 2 кызматкерине ЕАЭБ өлкөлөрүнөн унааларды мыйзамсыз ташып келүүгө көмөктөшкөн деген кине коюлуп, камакка алынган болчу. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, аталган кылмыштуу топ жалпысынан 111 унааны мыйзамсыз ташып келген.  Алардын жанына ЕАЭБ мамлекеттеринин каттоо кызматтарынын 25 мөөрү, жеке нотариустардын, бажы кызматынын катталгандыгы тууралуу бланкалары табылган.

Каттоо кызматынын эки кызматкери камакка алынды

Copyright © 2017 Maral FM