Биз менен байланышыңыз

Чыгармачыл балдарды шыктандыруучу китептер жарык көрдү

Кыска кабар | 13 Дек 2018 | 709 | 0

Балдарды заманбап искусство дүйнөсүнө жетелеген 4 китеп жарык көрдү. Аларда белгилүү чыгармачыл инсандардын бала чагы, искусство дүйнөсүнө кантип калгандагысы жөнөкөй тил менен, сүрөттөр менен коштолуп жарык көрдү.

Мындай китептерди чыгаруу идеясы “Роза Отунбаеванын демилгелери” фондуна таандык. Фонддун “Заманбап искусство-балдарга” деген долбоорунун алкагында Балдар Филармониясындагы балдардын 95% классикалык музакыны, аспаптарды билбей тургандыгын байкашкан. Мындан улам ушундай киептерди чыгаруу идеясы келди дейт долбоордун координатору Асел Жакыпбекова.

Биринчи китеп белгилүү композитор Муратбек Бегалиев жөнүндө болсо, экинчиси Казакстандын эл артисти Айман Мусаходжаева жөнүндө. Ошондой эле Өзбекстандын опера ырчысы Исмаиле Джалилов жана Кыргыз эл сүрөтчүсү Юристанбек Шыгаев жөнүндө жазылган.

Биринчи китептин автору Алтынай Абетекова өзүнүн устаты жөнүндө жазуу оор болгонун айтат. Бирок балдарга улуу композитор жөнүндө айтып берүү сыймык болгонун белгиледи.

Белгилей кетсек китептердин бет ачары 17-декабрда Филармонияда болот. Анда китепте айтылган каармандардын катышуусу күтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM