Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: Айтматовдун эмгеги түбөлүк даңазалана берет

Кыска кабар | 12 Дек 2018 | 540 | 0

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата «Ала-Арча» резиденциясында өткөрүлүп жаткан иш чарада өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев сөз сүйлөп, быйылкы жылы Айтматовдун 90 жылдыгына карата атайын комитет түзүлүп бир катар маанилүү иш чаралар өткөнүн белгиледи.

Тактап тайтканда, 3-Ысык-Көл форуму уюштурулуп, ага 21 мамлекеттен 99 окмуштуу катышканын жана эл аралык «Айтматов жана театр» фестивалы өткөнүн айтты. Мындан сырткары Улуттук илимдер академиясы 28 200 даана китеп чыгарып, жазуучунун туулган айылы Шекерде музей-комплекс курула баштаганын кошумчалады.

Абылгазиев Айтматовго арналган иш чараларга активдүү катышкан бардык тараптарга ыраазычылык билдирип, улуу жазуучунун эмгеги түбөлүк даңкталарын эскертти.

Кошумчалай кетсек, быйыл Айтматовдун 90 жылдыгына арналып коңшу өлкөлөрдө анын атында парк жана көчөлөр ачылып, эстеликтери тургузулду. Бир нече мамлекетте Айтматовдук окуулар жана илимий конференциялар болуп өттү.

Copyright © 2017 Maral FM