Биз менен байланышыңыз

Жамал Хашокжи «Жылдын адамы» болду

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Дек 2018 | 501 | 0

Америкалык «Time» журналы киши колдуу болгон журналист Жамал Хашокжини «Жылдын адамы» деп тапты. Мындан сырткары Мянмадагы мусулман рохинжалардын укугун коргоого салым кошуп, учурда Мьянмада камакта олтурган эки журналист Ва Лон менен Кья Сон жана филлипиндик оппозициялык маанайдагы «Раплер» интернет порталынын редактору Мария Ресса дагы бул наамга аталышты.

Басылма аларды «Адам укугунун сакчылары» деп атаган. Анткени булар демократия жана адам укугу үчүн күрөштө запкы жеген жадагалса бул дүйнө менен кош айтышкан кишилер болушту.

Эске салсак, Жамал Хашокжи америкалык The Washington Post геитине блок жазып, Жакынкы Чыгыштагы кандуу окуяларга Сауд Аравиясынын таасири тууралуу, өзгөчө ханзаада Мухаммад бин Салмандын күмөндүү саясаты тууралуу жазып турчу. Ал Стамбулдагы сауд элчилигинде киши колдуу болуп көз жумду.

Ал эми Мьянмадагы этникалык азчылык болгон рохинжа мусулмандарына карата буддисттердин геноцидин чагылдырган Reuters агенттигинин журналисттери Ван Ло менен Кья Сон Мьянма бийлиги тарабынан мамлекеттик сырды ачыкка чыгаруу кинеси менен абакка камалышкан. Ошондой эле филлипиндик журналист Мария Ресса өлкө бийлигинин башкы оппозиционери катары таанымал. Анын иликтөөлөрүнүн натыйжасында филлипин бийлигинин адам укугун тебелеген кылмыштарынын бети ачылган. Ага салык төлөөдөн качуу кинеси коюлуп, учурда сот иши жүрүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM