Биз менен байланышыңыз

Франциядагы куралдуу кол салуу: 3 набыт, 10 оор жарадар бар

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Дек 2018 | 639 | 0

Франциянын Страсбург шаарында куралдуу кылмышкер жай тургундарга ок атып, натыйжада 3 киши каза болуп, 10 киши оор жаракат алган. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министри Кристоф Кастаньер ЖМКга кабарлады.

Страсбургдун борбордук бөлүгүндө жаңы жылдык жарманкедеги тургундарга ок чыгарган кылмышкерди полис кызматкерлери жаралады, бирок ал качып кетүүгө үлгүргөн. Аны табууга жүздөгөн коопсуздук кызматкери тартылды.

Президент Макрон окуя болгон жерге Ички иштер министрин жиберди. Министрлик шаардыктарды убактылуу көчөгө чыкпай турууга чакырууда.

Буга байланыштуу «терроризм» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Эске салсак, Францияда бир айдан бери элдик нааразылык митингдери өтүп, ал ар кандай башаламандыктар менен коштолууда.

 

Copyright © 2017 Maral FM