Биз менен байланышыңыз

Рашидов: Өзбекстан АЭС куруп жаратылыш газын үнөмдөйт

Пикирлер | 11 Дек 2018 | 818 | 0

Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Комил Рашидов “Марал” радиосуна берген маегинде Өзбекстан атомдук электр станциясын курууда Орусиянын “Росатом” компаниясын тандап алгандыгынын себебин түшүндүрүп берди.

Анын айтымында, “Росатом” экологиялык таза атомдук электр станция линияларын куруп келет.

Инновациялык өнүгүү болбосо, Өзбекстандын келечегин элестетүү кыйын. Жаңы курулчу атомдук электр станция өлкөнүн 20 пайызын электр энергиясы менен камсыз кылат. Мындан сыркары Өзбекстан 5 млрд метр куб жаратылыш газын үнөмдөөгө жетишет.

Биринчиден, биз атомдук электр станциясын Өзбекстандын аймагына курабыз. Жаңы түзүлгөн “Узатом” агеттиги башка өлкөлөрдөгү атомдук электр станциясы боюнча бардык маалыматтарды иликтеп чыкты. Мындан сырткары адистерди окутуу үчүн окуу жайлар ачылат. Биз экологиялык, техникалык, илимий жактан да баарына даяр болушубуз керек. Атомдук электр станциясын куруу өнөр жайдын жаңы багыты. АЭСтин ишке кириши менен жаңы жумуш орундары түзүлөт»,-дейт Рашидов.

Белгилей кетсек, 11 миллиард долларга баалаган атомдук электр станциясын Орусиянын мамлекеттик «Росатом» компаниясы курганы жатат. Биринчи энергоблоктун курулушу 2028-жылга барып аякташы күтүлүүдө. Эгер долбоор ийгиликтүү аягына чыкса, бул Борбор Азия чөлкөмүндөгү алгачкы АЭС болот.

Элчи буга кошумча, Өзбекстан пайхта талааларынын аянтын кыскартып, сууну аз талап кылган айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө багыт алганын белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM