Биз менен байланышыңыз

Иранда «Бушер» АЭСинин жаңы блогу курулууда

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Ноя 2019 | 621 | 0

Иранда «Бушер» атомдук электр станциясынын экинчи блогунун курулушу башталды. Бул тууралуу Иран атомдук энергетикасынын өкүлү Али Акбар Салохи билдирди.

Иран менен болгон өзөктүк келишимде уранды байытууга чектөө киргизилген болчу. «Бул келишимди бузууну биз баштаган эмеспиз» деген Салохи жоопкерчиликти АКШга жүктөгөн.

«Бушер-2» келишими Орусия менен Иран ортосунда 2014-жылы түзүлгөн. Долбоордун баасы 10 миллиард долларды түзөт, муну ишке ашырууга 10 жыл керектелери айтылууда.

«Бушер» АЭСи 1975-жылы немистердин колдоосу менен курулуп баштаган. Бирок, 1980-жылы АКШ Иранга санкция жарыялаган соң, Германия келишимден баш тарткан. 1990-жылы Орусия менен биргеликте курулуш кайрадан жанданган. «Бушер» АЭСинин 1-блогу 2011-жылы ишке киргизилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM