Биз менен байланышыңыз

«Тез Жет» авиакомпаниясы жабылышы ыктымал

Кыска кабар | 11 Дек 2018 | 790 | 0

Ушул жылы Кыргызстандагы «Тез Жет» авиакомпаниясы жабылышы ыктымал. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда Транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов Жогорку Кеӊештин тармактык комитетинин жыйынында билдирди.

Министрдин айтымында, Кыргызстандын учактарынын эскилиги жеткен, жаӊысы жок болгондуктан, аларды алмаштырууга мүмкүн эмес. Ошондон улам авиакаттамдар кармалып калууда.

«Жыл аягына чейин «Тез Жет» авиакомпаниясын жабуу жөнүндө сунуш бар. Эгер андай болсо, биз ички каттамдарды эле эмес, тышкы каттамдарды да тейлей албай калабыз», — деди ал.

Эске сала кетсек, ушул жылдын 1-мартында «Tez Jet» авиакомпаниясынын Бишкек-Баткен каттамында бараткан учагынын бир кыймылдаткычы күйүп кетип, жарым жолдон кайра «Манас» эл аралык аэропортуна конууга аргасыз болгон эле.

Copyright © 2017 Maral FM