Биз менен байланышыңыз

Акышев: «Ачык асман» ишке киргенден бери Орусиянын 5 шаарына жаңы аба каттам ачылды

Кыска кабар , Пикирлер | 2 Окт 2019 | 758 | 0

Түркиялык авиакомпания Стамбул багыты боюнча аба каттамдарын жүргүзбөй турганын билдирди. Анын ордуна орусиялык Ural Airlines авиакомпаниясы менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Ural Airlines авиакомпаниясы Ош-Стамбул багытында аба каттамын ачууга кызыкдар. Бул бир айда ишке ашары ыктымал.

«Ачык асман» саясаты ишке киргенден бери Оруссиянын 5 шаарына жаңы аба каттамдары ачылды.

«Ачык асман» саясатын ишке ашыруудагы тоскоолдуктар күтүлүп жаткан. Анткени, абанын бешинчи боштондугу бардык авиакомпанияларга туура келе бербейт. Мындай тобокелчиликтер бар экени башында эле айтылган. Гуанчжоуга да каттам ачуу боюнча Кытай тараптан жооп күтүп жатабыз. «Ачык асманды» ишке ашырууда бизге тоскоолдук болгон нерселер жок, баары өз нугу менен кетип баратат. Кыргызстандык авиакомпаниялар бойкот кылган жок. Тескерисинче, колдоо көрсөтүп жатышат», — дейт Акышев.

Ал буга кошумча Жарандык авиация агенттиги авиакоопсуздукту камсыздай турганын, учак билеттеринин баасын көзөмөлдөөгө түздөн-түз тиешеси жок экенин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM