Биз менен байланышыңыз

25-марттан тарта ички аба каттамдары токтотулат

Кыска кабар | 24 Мар 2020 | 1265 | 0

25-марттан тарта Кыргызстандагы ички аба каттамдарынын баары токтотулат. Мындай чечим бир катар шаар жана райондорго киргизилген өзгөчө абалдын негизинде кабыл алынды. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов республикалык штабдын жыйынында айтты.

Боронов белгилегендей, эми атайын авиарейстер гана учат, ал да республикалык штабдын макулдугу менен ишке ашат.

Белгилей кетсек, ички рейстер Бишкек менен Ош, Баткен жана Жалал-Абад шаарларынын ортосунда каттап турган.

Ал эми тышкы каттамдар 20-мартта токтотулган. Учурда Москва – Бишкек, Москва – Ош, Новосибирск-Бишкек каттамдары жумасына бир жолу учуп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM