Биз менен байланышыңыз

19 миң сириялык өлкөсүнө кайтты

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Дек 2018 | 557 | 0

19 миңге чукул сириялык өз өлкөсүнө кайтып келишти. Бул тууралуу Дамаск провинциясынын губернатору Али Ибрагимдин маалыматына таянып Риа новости басылмасы жазды.

Маалыматка караганда жарандык согуштан улам Иордания, Түркия жана Ливан сыяктуу өлкөлөргө качкан сириялыктар Дамасктагы качкындар лагерине келип, акыркы келгендердин саны 18 745ди түздү.

Орусия, Түркия сыяктуу тараптардын кийлигишүүсү менен абал бир кыйла турукташкан Сирияда биринчи кезекте ар түрдүү гуманитардык програмаларды жөнгө салууну карап жатышат. Ошондой эле эң маанилүү болгон билим берүү, саламаттыкты сактоо тармагындагы инфраструктураны калыбына келтирүү иштери да жолго коюла баштады.

Эске салсак, Сириядагы жарандык согуш 2011-жылдан бери уланып келет. 2017-жылы Сирия менен Иракта ИШИМ террордук тобун жеңдик деп жарыялашкан. Террордук топтордун калдыктарын жок кылуу иштери азыркыга чейин жер-жерлерде жүрүүдө. Азыркы күндө биринчи планда саясий туруктуулукту камсыздоо, инфраструктураны калыбына келтирүү жана качкындарды кайтаруу иши турат.

 

Copyright © 2017 Maral FM