Биз менен байланышыңыз

Медресе мугалимдери заманбап ыкма менен окутууну үйрөнүшүүдө

Кыска кабар | 11 Дек 2018 | 504 | 0

Бүгүн, 11-декабрда Бишкекте «Кесиптик билим берүү» долбоорунун алкагында алкагында Кыргызстандаын аймагындагы медреселерде иштеген 40га жакын мугалим өздөрүнүн тажрыйбаларын интерактивдик жол аркылуу жогорулатышууда. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматынан билдиришти.

Эки күндүк окутуу алкагында медресе мугалимдери окутуунун жаңы усулдарын үйрөнүшүп, студенттерге сапаттуу билим берүү жана алар менен иштөө, заманбап ыкма аркылуу сабактын кызыктуулугун арттырууну үйрөнүшүүдө. Ошондой эле ар бир студент менен жекече иш алып баруу, диний окуу жайдын билим берүү сапатын, техникалык жабдуулар менен толуктоо боюнча өз тажрыйбаларын жогорулатышууда.

Copyright © 2017 Maral FM