Биз менен байланышыңыз

Казакстанда 12 миллион абонент мобилдик кызматтан айрылат

Кыска кабар | 11 Дек 2018 | 546 | 0

Казакстанда 12 миллион абонент январдын башында мобилдүү түйүндөн өчүрүлүшү мүмкүн. Себеби, алар телефондорунун IMEI-коддорун каттоодон өткөргөн эмес. Бул тууралуу centralasian.org cайты кабарлады.

Казакстанда былтыр кабыл алынган “Байланыштар жөнүндө” мыйзамга ылайык, уюлдук компаниялар телефондорун каттоодон өткөрбөгөн абоненттерге кызмат көрсөтө албайт.

Чиновниктер IMEI-коддорду каттоо –телефон сатуудагы көмүскө базар менен күрөшүүгө жардам берерин билдиришүүдө. Полиция маалыматына караганда, быйыл 40 миң аппарат уурдалган. Бул сыяктуу кылмыштардын 5% гана бети ачылган.

Казак бийлиги жеке маалыматтар башка максаттарга, маселен, кишилерди аңдуу максатында колдонулбашына ишендирүүдө. Мындан тышкары бийлик бул чара менен абоненттик базаны колдонулбай калган номерлерден арылтууну көздөөдө.

Copyright © 2017 Maral FM