Биз менен байланышыңыз

АКШ Орусияны «барууга болбой турган өлкөлөрдүн» тизмесинен чыграды. Бирок…

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Дек 2018 | 562 | 0

АКШнын мамлекеттик департаменти Орусияны «барууга болбой турган өлкөлөрдүн» тизмесинен чыгарды. Бул тууралуу Би-Би-Си аталган ведомствонун маалыматына таянып жазды.

Америка өзүнүн жарандарына туристтик максатта баруу кооптуу болгон үчүн Орусияны аталган тизмеге киргизген болчу. Бул жолу  андан чыгарып, «өзгөчө этият болуу керек болгон өлкөлөрдүн» тизмесине киргизди.

Орусиядагы коомдук тартипсиздик, терроризм жана катаал мыйзамдарды жүйө келтирген департамент өзүнүн жарандарына Түндүк Кавказ жана Чеченстан сыяктуу кээ бир аймактарында өтө сак болуусу керек экенин эскертет.

Эске салсак, Американын мамлекеттик департаменти өлкөлөрдү төрт категорияга бөлгөн: «барганда этият болуу керек» болгон өлкөлөр, «өзгөчө этияттык талап кылынган» өлкөлөр, «сапарды кайра ойлонуп көрүү керек болгон» жана «барбай эле койгон жакшы» болгон өлкөлөр. Эң акыркы эки категорияга өмүрүнө коркунуч келүү ыктымалдыгы жогору болгон жана өзгөчө кырдаалда АКШ жардам көрсөтө албай турган мамлекеттер киришет. Ал эми алдынкы эки категориядагы жерлерге ойлонбой бара берсе болот дегенди билдирет.

Copyright © 2017 Maral FM