Биз менен байланышыңыз

Айрым аймактарда газ өчүрүлөт

Кыска кабар | 11 Дек 2018 | 539 | 0

11-19-декабрь күндөрү Кыргызстандын айрым аймактарында авариялык оңдоо-түзөө иштерине байланыштуу  жаратылыш газын берүү токтотулат. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ишканасы билдирди.

Газ берүү токтотула турган аймактар төмөнкүлөр:

11-декабрь саат 09:00-12:00 Жалал-Абад шаарынын Садовая көчөсү;

11-12-декабрь күндөрү Ош шаарынын Курманжан Датка көчөсү;

11-13-декабрь Кант шаарынын Бекмуратов, Герцен жана Л.Толстой көчөлөрү;

11-13-декабрь Бишкектин Жал, Ахунбаев, Тыналиев, Масалиев жана Курчатов көчөлөрүнүн айрым кесилиштеринде очүрүлөт.

Ошондой эле 12-19-декабрь аралыгында Кайыңды, Аламедин жана Ала-Арча конуштарында кыска мөөнөткө өчүрүүлөр болот.

Copyright © 2017 Maral FM