Биз менен байланышыңыз

ИИМ чагымчыл материалдарды тараткандарга чара колдонот

Кыска кабар | 6 Июл 2019 | 492 | 0

Ички иштер министрлиги социалдык тармактардагы чагымчыл материалдарды тараткандарга чара колдонот. Бул маалымат министрликтин расмий сайтына жарыяланды.

Министрлик акыркы убактарда социалдык тармактарда улуттар аралык, аймактар аралык кастыкты козуткан видео-аудио материалдар, билдирүүлөр көп жарыяланып жатканын айтып, карамагындагы бардык бөлүмдөргө чагымчыл материалдарга чара колдонуу тапшырмасы берилгенин маалымдады.

Ошондой эле, мындай материалдарды тараткан тарап (адам) Кылмыш-жаза кодексинин 313-«Расалык, этникалык, диний, аймактар аралык жана улуттар аралык кастыкты козутуу» беренесинин негизинде жоопкерчиликке тартыларын эскертет.

Мындан улам, аталган иштер боюнча маалымат алган жарандарды «102» номерине билдирип коюусун өтүнүп, көйгөй жараткан маселелерге кайдыгер карабоого чакырат.

Copyright © 2017 Maral FM