Биз менен байланышыңыз

ӨКМ Кыргызстанда кар жаап, жолдор тайгак болорун эскертет

Кыска кабар | 14 Дек 2019 | 1900 | 0

Бүгүн, 14-декабрдан 15-декабрга караган түнү көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен (ӨКМ) билдиришти. Маалыматка караганда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда зымдарга жана бактарга суу кар жабышат деп болжолдонууда.

15-декабрда күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы мүмкүн. Ош, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү болушу мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши ыктымал.

Copyright © 2017 Maral FM