Биз менен байланышыңыз

Нурбаев: Коррупция «Ачык асман» менен жоюлат 

Кыска кабар , Пикирлер | 11 Дек 2018 | 760 | 0

«Ачык асман» долбоорун ишке киргизүүдө ички каттамдарга жеңилдик берүү боюнча мыйзам долбоорун кароо пландалып жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Абдувахап Нурбаев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, авация тармагында 2-3 адам монополист болуп келет. Каражаттын көпчүлүгү саналуу адамдардын чөнтөгүнө түшүп жатат. «Ачык асманды» киргизүү менен мындай көрүнүш жоюлат, баары ачык-айкын болот. 2 компанияга карганда 6 млн элдин кызыкчылыгы жогору турушу керек.

«Ачык асман» кирсе айрым жеке адамдар каражат ала албай калат. Коррупция «Ачык асман» менен жоюлат. Аталган долбоордун ишке кириши менен көп авиакомпаниялар Кыргызстан аркылуу жүк, жүргүнчүлөрдү ташый алат. Биздин компаниялар да атаандаштыкка үйрөнсүн»,-дейт Нурбаев.

Эл өкүлүнүн пикиринде, эл аралык «Манас» аэропортун дүйнөлүк деңгээлдеги ири компанияга бергенде паракорчулук жоюлат.

«Манасты» башка компанияга бериш керек. Болбосо биздин чиновниктер аралашкан жерде коррупция болуп кетүүдө. Мындан сырткары мамлекет эреже түзүп берип, көзөмөлдүк кылат. Мамлекет авиацияга каражат бөлбөйт, бизнеске аралашпайт. Авиакомпаниялар өздөрү иштеши керек»,-дейт эл өкүлү.

Эске салсак, Жогорку Кеңеш 6-декабрда “Ачык асман” долбоорун 3-окууда кабыл алган. Добуш берүүгө 108 депутат катышып, баары макулдугун берген.

Copyright © 2017 Maral FM