Биз менен байланышыңыз

Кызыл диплом алуу оорлошот

Без рубрики , Кыска кабар | 10 Дек 2018 | 1162 | 0

Билим берүү жана илим министрлиги «КРнын жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүнүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясы» жөнүндөгү өкмөттүн токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу долбоорду коомдук талкууга койду. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Токтомдун өзгөргөн версиясында артыкчылык менен диплом алуунун шарттары оорлошот. Тактап айтканда, жыйынтыктоочу сынакты кайра тапшырган (пересдача) студент кызыл диплом ала албайт. Ошондой эле окуу мөөнөтү учурунда «эң жакшы» жана «жакшы» деген бааларга окуп, GPA боюнча жетишкендиги 3.75 баллдан кем эмес жана жыйынтыктоочу экзамендерин «эң жакшы» деген баага тапшыргандар гана артыкчылык менен диплом алышат.

Учурдагы иштеп келе жаткан токтомдо сынактарды кайра тапшыргандар үчүн эч кандай шарт көрсөтүлгөн эмес.

Мындай өзгөртүү билим берүү системасындагы коррупцияга каршы күрөштү жандандыруу максатында сунушталууда.

Copyright © 2017 Maral FM