Биз менен байланышыңыз

Бүгүн 9-декабрь КРнын эмгек сиңирген артисти Аалы Туткучев  35 жашын белгиледи. Бул күндү акындын өкүл балдары уюштурушкан. Алар борбордогу белгилүү ресторандардын бирине Аалынын жакындарын чогултуп күтүлбөгөн сюрприз жасашты. Бул кечеге акындын апасы, жакындары, достору , үй бүлөсү, өкул апасы жана өкүл балдары менен өкүл кыздары чогулушкан. Кечеде акынга болгон жакшы сөздөр жаңырып, Аалы акын үчүн унутулгус көз ирмем болду.

«Мен бул жерге тойго ырдаганы келгем. Мага мындай сюрприз жасашаарын билген эмесмин, мен үчүн чоң белек болду. Баардык жакындарыма ыраазычылык билдирем»- деп кошумчалады.

Ал эми акындын апасы уулуна каалоо айтып келген коноктору жашытты. Бул кечеде Аалы акын өкүл балдарынын жана өкүл кыздарынын алдында кандай сый-урматка ээ кендиги көрүнүп турду.

Белгилей кетсек Аалы Туткучевдин өкүл атасы КРнын эмгек сиңирген артисти Жеңишбек Жумакадыр.Бирок ал бул кечеге өзүнүн жеке иштеринен улам келе албай калганын жубайы -Аалынын өкүл апасы баса белгиледи.

Кошумчалай кетсек учурда Аалы акын эки уул жана эки кыздын атасы. Ал эми жубайы Жазгүл Жамангулова бул үй-бүлөнүн жарык чырагы жана мээримдүү апасы.

Биз дагы учурдан пайдаланып акын Аалы Туткучевге чыгармачылык ийгилик жана эки дүйнө бактылуулукту кааламакчыбыз!

Copyright © 2017 Maral FM