Биз менен байланышыңыз

Туткучев: Өлкөнүн тагдырын саясатчылардын фейктери чечип калды (видео)

Кыска кабар , Пикирлер | 9 Ноя 2020 | 1936 | 1

Азыр социалдык тармактар биздин саясатчылардын чоң куралына айланды. Мындай пикирин, КРнын эмгек сиңирген артисти, төкмө акын Аалы Туткучев «Марал» радиосундагы «Баарын сүйлөшөбүз» программасында айтты.

«Азыр бир кичинекей офисти алып туруп, ага он блогерди жалдайт. Он блогер ар бири 100дөн аккаунт ачса, 1000 аккаунт пайда болот. Анан саясатчылар аны бирөөнү мактоо үчүн да, жамандоо үчүн да колдонуп жатышат. Бул өзүнчө бир армия сыяктуу. Анын баары — фейктер. Анан алар бир нерсени жазса, карапайым эл ошого ишенип, сууну кайда бурса, ошол жакка агып калбадыбы. Байкасаңыздар, ошол фейк аккаунттар: «Бул кызматка тиги татыктуу, ушул кызматка келсин», — деп, өлкөнүн тагдырын чечип калды. А бирок эл алар сунуштаган адамдарын тааныбайт деле. Ал эми анын жанында биздин аттуу-баштуу, эл тааныган, элдин ичинде жүргөн адамдарыбыз пикир айтса, аны бийлик укпайт. Алар ошол өздөрү чыгарган фейк аккаунттардын талабын элдин талабы деп айттырып, ошону кайра ишке ашырганы, атайылап жасалгандай таасир калтырат», — деди төкмө акын.

Ошондой эле 5-6-октябрдагы окуяларда да белгилүү академиктер, аттуу-баштуу адамдар калыс пикирлерин айтканын, бирок алардын сөздөрү эч кандай эске алынбаганын да кошумчалады.

Төкмө акын Аалы Туткучевдин маегин толугу менен бул шилтемеден угуңуз:

Copyright © 2017 Maral FM