Биз менен байланышыңыз

Аалы акын Эгемендүүлүк майрамында аткаминерлерди сындады (видео)

Коом , Кыска кабар | 31 Авг 2020 | 4784 | 1

Бүгүн, 31-августта Кыргызстандын эгемендик алганына туура 29 жыл толду. Бул күнгө карата учурда «Ала-Тоо» аянтында майрамдык салтанат өттү. Ага Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков, премьер-министр Кубатбек Боронов, Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, экс-президент Роза Отунбаева жана башкалар катышты.

Бул ирет пандемиядан улам баш калаанын «Ала-Тоо» аянтындагы майрамдык иш-чарага адамдар киргизилген жок. Маданий массалык иш-чаралар жана элдик сейилдөөлөр да пландалган эмес.

Иш-чара республикалык телеканалдар аркылуу түз алып көрсөтүлдү.

Анда элди куттуктоого чыккан акын Аалы Туткучев президент баштаган аттуу-баштуу адамдарга эл үнүн жеткирүү максатында кайрылды:

«Эл бийлигин тымызын

Тоноп жаткан чоңдор көп

Сол чөнтөккө тымызын

Солоп жаткан чоңдор көп»,— деген акын өлкөдөгү тааныш-билиш системасын, бажыдагы жемкордукту эске салды.

Толугу менен төмөнкү видеодон көрө аласыздар:

View this post on Instagram

(Видео)

A post shared by Марал радиосу 📻 (@radio_maral) on

Copyright © 2017 Maral FM