Биз менен байланышыңыз

Зилалиевге дагы бир айып тагылды

Кыска кабар | 9 Дек 2018 | 751 | 0

Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев жаңы козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалды. Бул тууралуу анын жактоочусу  Учкун Каримов кабарлады.  Анда Зилалиевге Кылмыш-жаза кодексинин 308-1-беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Анын негизинде сот кармоого санкция берген. Эми бөгөт чарасы Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралат.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары Дүйшөнбек Зилалиев “Манас” аэропортунда кармалды деп жазышкан. Адвокат мындай маалыматты четке кагып, Зилалиевди үйүнөн кармап кетишкенин айтып, ал сурак берип жатканын кошумчалады.

Эскерте кетсек, Зилалиевге өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясында “бомба” деген сөзүнөн улам айыпталып,  кылмыш-жаза кодексинин 228-беренеси («Террорчулук жөнүндө атайылап жалган маалымат таратуу») менен козголгон.

 

Copyright © 2017 Maral FM