Биз менен байланышыңыз

Меркель кызматтан кетти

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Дек 2018 | 654 | 0

Мурда Германиянын канцлери Ангела Меркель жетектеп келген «Христиан-демократиялык биримдиги” партиясынын башчылыгына Аннегрет Крамп-Карренбауэр шайланды.

7-декабрда Гамбургда партиянын курултайы өтүп, жаңы башчыны шайлоо орун алды. Бирок Меркель бул жолу  талапкерлигин койгон жок. Анда 999 делегат катышып, алардын 517си Крамп-Карренбауэрге добуш берсе, 482си анын атаандашы Фридрих Мерцти колдошту.

Меркель  партияны 18 жыл башкарган болсо, анын 13 жылы канцлердик кызмат учуруна туш келген. Меркель узак убакыт бою кызматта турганы үчүн сыймыктанарын айтып, партиялаштарына ыраазычылык билдирди.

-Партия 2018-жылы артка кылчайбастан, жаңы баалуулук, жаңы жетекчи менен алдыны көздөй кетиши керек,-деди ал.

Кошумчалай кетсек, Ангела Меркель буга чейин 2021-жылы канцлердик мөөнөтү бүткөн соң ал кызматка кайра ат салышпай турганын жарыялаган.

Ал эми жаңы шайланган Аннегрет Крамп-Карренбауэр буга чейин “Христиан-демократиялык биримдиги” партиясынын башкы катчысы болуп турган.

Copyright © 2017 Maral FM